Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

Акыйкатчы Жусупбековду башка түрмөгө которууну суранды


Акыйкатчы жакында соттолгон Марс Жусупбековдун коопсуздугун камсыздоо үчүн 1-тергөө абагынан УКМКнын тергөө абагына которууну суранып, Бишкектеги Октябрь райондук сотуна кайрылды. Бирок сот бул суранычты канааттандырган жок.

Камакта жаткан Жусупбековдун жакындары абактагылар тарабынан анын өмүрүнө коркунуч келтирген сөздөр айтылып жатканын акыйкатчыга кат аркылуу билдирген.

Жаза аткаруу кызматы бул боюнча комментарий бере элек.

Жусупбековго 2013-жылдын ноябрында Башкы прокуратура кылмыш иш козгогон. Буга өткөн жылдын сентябрында интернетке жарыяланган тасма себеп болгон. Видеодо №1 тергөө абагында отурган Абдулла Юсупов жана бир нече адам дасторкон четинде бири-бирин Айт майрамы менен куттуктап, дагы бирөөнүн телефон менен сүйлөшкөнү көрсөтүлгөн.

Октябрь райондук соту Жусупбековду 7-майда төрт жылга кескен.(SE)

XS
SM
MD
LG