Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Бишкекте менингококк инфекциясынан төрт адам өлдү


Бишкекте менингококк инфекциясынын тарашы боюнча кооптуу кырдаал жаралды. Илдеттен төрт адам каза таап, дагы 29 адам ооруп жатканын “Азаттыкка” шаардык мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Курманбек Өмүралиев билдирди. Анын айтымында, каза болгондордун үчөө балдар, бири студент.

Адистин айтымында, инфекция ар 10 жыл сайын тамыр жайып турат. Акыркы жолу Кыргызстанда бул илдет менен кишилер массалык түрдө 1996 жана 2006-жылдары ооруган. Быйыл кайра жандана баштаганы байкалууда.

Менингококк инфекциясы айрыкча балдардын өмүрүнө коркунуч алып келет. Аны көбүнчө чоң кишилер алып жүрөт, бирок өздөрү байкабайт. Жуктуруп алган балдардын организми аны жеңүүгө алсыздык кылат.

Кокусунан башталган оорудан улам ысытма 40 градуска чейин жогорулап, адам кусат жана башы катуу ооруйт. Тамакка табити жоголот. Вирус канга сиңип, мээнин чел кабыктарын сезгендирет. Бутта жана жамбашта жылдызча формасында кызыл тактар пайда болот.

Санэпидкөзөмөл борбору мектептерде жана бала бакчаларда алдын алуу чараларын баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG