Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Израилдин экс-премьер-министри алты жылга кесилди


Израилдин мурдагы премьер-министри Эхуд Олмерт "пара алган" деген кине менен алты жылга кесилди. Коррупция менен байланышкан бул иштин акыры Израил өкмөтүнүн мурдагы башчысынын абакка камалышы менен аяктады.

Тел-Авивдин соту 68 жаштагы саясатчыны ушул жылдын март айында күнөөлүү деп тапкан. Олмерт өзүнө тагылган айып негизсиз экенин айтып, моюнуна албай келет.

Эхуд Олмерттин өкүлү эми Жогорку Сотко доо арыз менен кайрыларын билдирип, өкүм күчкө киргенге чейин экс-премьерди күрөө коюп чыгарып алуу аркети көрүлүп жатканын айтты.

XS
SM
MD
LG