Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Amnesty International кыйноолорго каршы өнөктүк баштады


Amnesty International эл аралык мунапыс уюму билдиргендей, БУУ кыйноолорго каршы Конвенция кабыл алганына 30 жыл болсо да дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө мындай керүнүш кеңири тараган.

Бүткүл дүйнөлүк “Кыйноолорду токтотобуз!” кампаниясынын башталышында жасаган билдирүүсүндө Amnesty International уюму өлкө бийликтерин эки жүздүүлүк үчүн айтыптады. "Кыйноолорду кагаз жүзүндө токтоткону менен иш жүзүндө алар эч кандай чара көрүшпөйт" - дешти укук коргоочулар.

Уюм акыркы 5 жылда кыйноо жана кордук көрсөтүүнүн ар кандай түрлөрү 141 өлкөдө катталганын билдирди.

Укук коргоочулардын отчетуна ылайык, кыйноолор өзгөчө постсоветтик өлкөлөрдө кеңири тараган. Бул өлкөлөрдө коррупцияга сугарылган жана аз маяна алган тартип коргоо кызматкерлери кимдир бирөөгө күнөөнү моюнуна алдырыш үчүн өзгөчө кыйноо аракеттерин көрүшөт. Бирок ошондой зомбулук көрсөткөндөр көп учурда жазасыз калат.

Орусияда абактагылардын адам чыдагыс шарттарда кармалышы жана аларга карата жасалган айбанчылык мамиле кеңири тараган. Amnesty International уюмунун Орусиядагы өкүлү Сергей Никитиндин айтымында, орусиялыктардын 48 пайызы түрмөлөрдөгү кыйноодон коркушат.

XS
SM
MD
LG