Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Жаштарга сайт түзүүнү акысыз үйрөткөн долбоор башталды


Codecademy деп аталган долбоор аркылуу компьютердик программалоону жана сайт түзүп, мобилдик колдонмолорду жасоону өз алдынча үйрөнсө болот.
Codecademy курстары дүйнө жүзүндө кеңири колдонулат. Анда Python, PHP, jQuery, JavaScript, Ruby, HTML жана CSS программалары акысыз окутулат.

2014-жылдын январында Codecademy долбооруна дүйнө жүзүнөн 24 млн. колдонуучу катталып, жалпысынан 100 млн. көнүгүү аткарышкан.

Аны Кыргызстанга жайылтуучулардын бири Чоробек Сааданбектин айтымында, интерактивдүү платформаны кыргыз тилдүү жаштар арасында жайылтуу үчүн “Сорос-Кыргызстан” фонду көмөк көрсөтүп жатат. Платформаны колдонууну каалагандар www.codecademy.com/ky-kg дарегинен кыргыз тилинде акысыз курстарын өтсө болот. (SE)

XS
SM
MD
LG