Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

HRW АКШ жана Евробиримдикти Өзбекстанга басым жасоого чакырды


Эл аралык Human Rights Watch уюму АКШны жана Евробиримдикти тогуз жыл мурдагы Анжиян окуясын тыкыр иликтөөгө эл аралык коомчулукка уруксат бербей жаткан өзбек өкмөтүнө басым жасоого чакырды.

Бул билдирүүнү HRW Анжиян окуясынын 9 жылдыгына карата таратты. Уюм белгилегендей, Анжияндагы кандуу окуядан тогуз жыл өтсө да эл аралык коомчулуктун көз карандысыз изилдөө өткөрүү демилгесин Өзбекстандын бийликтери караманча четке кагып келет.

2005-жылдын 13-майында ишкерди куткарууга багытталган тынч митингге согушкерлер аралашып, башаламандыкка айланган. Аларды басуу үчүн өзбек аскерлери куралсыз элди көздөй ок жаадырган.

Анжияндагы кандуу капсалаңда канча киши набыт кеткени аликүнчө белгисиз. Расмий бийликтин ырасташынча, кагылыштан 187 адам курман болгон. Көз карандысыз байкоочулардын болжолдуу маалыматына караганда өлгөн адамдардын саны бир нече эсе көп.

XS
SM
MD
LG