Кыргыз жана тажик тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Сирожиддин Аслов чек арадагы кырдаалды талкуулады. Жолугушуу Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан эл аралык экономикалык форум алкагында болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" кыргыз тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков билдирди.
Эки күндөн бери Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында да өкмөт аралык сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кыргыз тараптан барган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин айтымында, жолугушууда кабыл алынган чечимдер бүгүн кечке жуук кабарланат.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, 12-майда башталган сүйлөшүүнүн күн тартибине 7-8-май күндөрү чек арада болгон окуяны иликтөө, тактала элек жерлерди делимитациялоо жана чектеш аймактарда жол куруу маселелери коюлган. (SE)