Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Марс Жусупбеков ооруканага түштү


Бишкектеги №1 тергөө абагынын мурдагы жетекчиси, төрт жылга кесилген Марс Жусупбеков ооруканага түштү. Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова кабарлагандай, Жусупбековдун бүгүн кан басымы көтөрүлүп, ал тез жардам унаасы менен республикалык кардиология борборуна жеткирилген. Учурда ошол жерде дарыланып жатат.

Бүгүн акыйкатчы Марс Жусупбековдун жакындарынын арызынын негизинде анын коопсуздугун камсыздоо үчүн 1-тергөө абагынан УКМКнын тергөө абагына которууну суранып, Бишкектеги Октябрь райондук сотуна кайрылган. Сот аны канааттандырган эмес.

Жусупбековдун жакындары абактагылар тарабынан анын өмүрүнө коркунуч келтирген сөздөр айтылып жатканын акыйкатчыга кат аркылуу билдирген.

Марс Жусупбеков абакта мыйзамсыз аракеттерге жол бергени үчүн айыпталып, былтыр камалган. Октябрь райондук соту аны быйыл 7-майда төрт жылга кескен. (SE)

XS
SM
MD
LG