Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Орусияда кумсалар “Кончита Вюрст маршын” өткөргөнү жатат


Орусиянын кумса-активисттери Москвада сакалчан айым жана эркектердин “Кончита Вюрст маршын” өткөрүү өтүнүчү менен бийликке кайрылды. Кумсалардын интернеттеги сайтында жазылгандай, кат Москванын мэрине жөнөтүлдү.

Активисттер маршты 27-майда, Орусияда гомосексуалдыктын "Кылмыш-жаза кодексинен" алынып салынганынын 21 жылдыгына карата өткөрүүнү болжолдошууда.

Ошондой эле алар 31-майда дагы гей-парад өткөрүүнү пландап жатат.
Кончита Вюрст деген сахна ысымы менен таанымал австриялык трансвистит Томас Нойврит 10-майда Копенгагенде өткөн “Евровидение” сынагынын жеңүүчүсү аталган.

Сынакта Вюрст өзүнө кыз катары кайрылуусун талап кылып, сахнага жаркырган узун көйнөк кийип жана бетине сакал-мурутун өстүрүп чыккан.

XS
SM
MD
LG