Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

"Ата-Бейит" сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева акчалай жардам алды


Сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү көмүлгөн жер жөнүндө алгачкы маалымат берген, бирок мамлекеттен олутту жардам албаган, үй-жайсыз жашап келаткан Бүбүйра Кыдыралиевага Жогорку Кеңеш төрагасынын фондунан акчалай жардам берди. Каражатты бүгүн спикер орун басары Төрөбай Зулпукаров барып тапшырды.

76 жыл мурун Бишкектин чет жагында кыргыздын жүздөн ашуун чыгаан инсаны совет бийлиги тарабынан атылып өлтүрүлгөн. Саясий репрессиянын курмандыктары жашыруун бир чуңкурга көмүлгөн. Алар 1938-жылы 5-7-8-ноябрда атылганы аныкталган.

Бүбүйра Кыдыралиеванын бала кездеги маалыматтарынын негизинде 1991-жылы ал жер аныкталып, 137 кишинин сөөгү “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине кайра көмүлгөн.

Аскар Акаевдин бийлиги тушунда Кыдыралиевага “Эрдик” медалы берилген. Учурда багып алган кызынын үйүндө жашайт. Көптөн бери бир бөлмөлүү болсо да жатакана сурап, бийликке кайрылып келет. (SE\UeZ)

XS
SM
MD
LG