Евробиримдиктин башчысы Херман Ван Ромпей 13-майда Молдованын премьер-министри Юрие Лянкэни 27-июнга Брюсселге саясий жана экономикалык келишимге кол коюуга чакырды.
Ассоциациялык келишимге Евробиримдиктин саммитинин алкагында кол коюлары күтүлүүдө.
12-майда Молдова президенти Николае Тимофти Молдова өз “көз карандысыз укугун” кандай болгон күндө да ишке ашырарын айтып, ага эч кандай тышкы күчтөр тоскоол болбойт деп билдирген.
Тимофти өз сөзүндө Орусияны атаган жок. Бирок Москва Молдованын Евробиримдик менен келишимге кол коюусуна каршы чыгып келет.
Молдова ассоциация келишими тууралуу демилгени өткөн жылдын ноябрь айында Вильнюста өткөн саммитте көтөргөн.