Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Москва GPSтин станцияларын Орусияда жабарын жарыялады


Орусия Кошмо Штаттардын Глобалдык байкоо системасы деп аталган космостук спутниктик навигациялык системасын 1-июнга карай токтотот, эгерде Кошмо Штаттар Орусиянын GPS сыяктуу ГЛОНАСС деп аталган системасынын станцияларын АКШда орнотууга уруксат бербесе. Вице-премьер-министр Дмитрий Рогозиндин айтымында, бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлдү:

- Федералдык космос агенттиги, Илимдер академиясы жана Тышкы иштер министрлиги катышкан жумушчу топ түзүлгөн. Биз АКШ менен сүйлөшүүгө киришип жатабыз. Ага үч ай же быйылкы жылдын жай мезгилинин аягына чейин убакыт беребиз. Бул сүйлөшүүлөрдө кызматташууларда калыбына келтирүүгө үмүттөнөбүз. Эгерде андай болбосо, анда 1-сентябрдан тарта станциялар ишин токтотот.

Орусиянын аймагында GPSтин 11 станциясы бар. (AiT)

XS
SM
MD
LG