Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Баткендеги кырдаал боюнча өкмөт башчыга маалымат берилди


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Улукбек Кочкоров 13-майда билдирди. Анын айтымында, ал өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушуп, Баткенде чек ара чатагынан жабыркаган калктын талаптары жөнүндө маалымат берди. Өкмөт башчы өз кезегинде маселе анын көңүл борборунда экенин жана чечүүгө аракеттер жасаларын билдирген. Кочкоровдун пикиринде, кыргыз-тажик чек ара маселеси өкмөт башчы, президент деңгээлинде каралып, чек арадагы элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүгө тийиш. Баткенден акскалдар Бишкекке келип, президентке көйгөйлөрүн айтуу максатында жүрүшкөнүн Кочкоров кошумчалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG