Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

УКМК: Бишкектеги Славян университетинде коррупция ашкереленди


Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин айрым кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Былтыр 24 абитуриент жеңилдетилген квота боюнча окууга кабыл алынган. Бирок кийин текшерүү учурунда алардын бири да кедей катары мамлекеттин каттоосунда турбаганы, жөлөкпул албаганы аныкталган. Ал эми айрымдары Кыргызстандын жараны эмес экени, жалпы республикалык тестирлөөгө катышпастан, окуу башталганда гана Бишкекке келгени айтылууда. Факт боюнча 12-майда кылмыш иш козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Аталган окуу жайдын жетекчилиги бул окуя боюнча УКМК сураган документтин баарын өткөрүп бергенин, бирок кылмыш иш козголгону тууралуу кабары жок экенин бүгүн "Азаттыкка" билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG