Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:08

Тилчи адистер журналисттерге нааразы болууда


Улуттук Илимдер академиясында өтүп жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кыргыз тилинин абалы” деген талкууда “журналисттер тилдин бузулушуна салым кошуп жатат” деген сын айтылды. Жыйынга катышып жаткан Эсенбай Нурушев, Тилектеш Ишемкулов, Бакыт Орунбеков сыяктуу белгилүү адистер айрым сөздөрдү туура эмес колдонуп жаткан маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кыргыз тилинин эрежелерин дагы бир жолу окуп чыгууга чакырды. Айрыкча учурда “жар салды” деген сөз айкашы көп жазыла баштаганы, аны журналисттер “кабарлады” деген сөздүн ордуна колдонуп жатканы сындалды. Негизи бул сөз “даңазалады” деген маанини берет.

Илимдер академиясы менен Мамлекеттик тил комиссиясы бирге уюштурган талкууга Бишкекте иштеген бир топ радио, гезит, телекомпаниялардын өкүлдөрү чакырылган.

"Азаттык" радиосу жума сайын кыргыз тилинде туура сүйлөөгө чакырган "Сөз дайра" уктуруусун обого чыгарып келатат. (SE\UeZ)

XS
SM
MD
LG