Бишкектеги “Кудайберген” базарында соода кылган жүздөн ашуун адам Кыргыз Улуттук драма театрынын жанына бүгүн митингге чогулушту. Алар соода орундарына болгон ижара акыны арзандатуу боюнча жетекчилик эч кандай аракет көрө электигин айтып жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” акцияны уюштургандардын бири, Биргелешкен кыргыз ишкерлер профсоюзунун төрагасы Нурлан Данияров билдирди.
Сатуучулар соода орундарына ижара акынын 4 миң сомдон 8 миң сомго кымбатташына каршы өткөн айдан бери нааразылыгын билдирип келишет.
Базар ээси Эльвира Сурабалдиева буга чейин социалдык тармактагы жеке баракчасында соода орундарына баа акыркы жолу 2009-жылы көтөрүлгөнүн жазып, соодагерлердин талабын негизсиз деп баалаган. (SE)