Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Кант шаарын таза суу менен камсыз кылуу жакшырат


Чүй облусундагы Кант шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жакшырат. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзамга ылайык кыргыз өкмөтү менен Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын ортосундагы келишим ратификацияланды.

Аталган банк 6,5 миллион евро бөлөт. Ал акчага шаардагы таза суу жана канализация системасы оңдолот. Бул сумманын 1,5 миллиону 15 жылга насыяга берилүүдө.

Совет мезгилинде курулган суу жана канализация системасы эскиргендиктен учурда өлкөнүн көпчүлүк аймагында ичүүчү суу маселеси көйгөй жаратууда. (RK)

XS
SM
MD
LG