Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Көлбаев боюнча шаардык соттун чечими күчүндө калды


Камчы Көлбаев. Апрель, 2013-ж.
Камчы Көлбаев. Апрель, 2013-ж.
Жогорку Сот бүгүн кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаевдин ишин карап, аны камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” кабарлады. Ишти кароо март айынын соңунда башталган.

Өткөн жылы Бишкектин Биринчи Май райондук соту Камчы Көлбаевди "бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алган" деген берене менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Көлбаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, жаза мөөнөтү 3 жылга чейин кыскарган. Бирок ага да макул болбогон адвокат Жогорку Сотко кайрылган эле.

Камчы Көлбаев 2012-жылдын декабрында Араб Эмираттарынан Бишкекке алынып келинген. Аны АКШ дүйнөдөгү кооптуу баңги барондорунун тизмесине киргизген.(SE)

XS
SM
MD
LG