Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Араб шейхи кыргыз казыяттарынын иши менен таанышат


Меке шаарындагы ыйык саналган “Ал - Харам” мечитинин имамы, белгилүү динчил аалым шейх Махир бин Хамад ал-Муъайкили Кыргызстандагы ислам маданияты, муфтият жана казыяттардын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Конокту муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштаган дин өкүлдөрү жана мамлекеттик ишмерлер тосуп алышты.

Шейх ал-Муъайкили иш сапарын бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков менен жолугуудан баштайт. (SE)

XS
SM
MD
LG