Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

“Хьюман Райтс Уотч” Азербайжанды сындады


Расмий Бакуну адам укуктарын тебелеп-тепсегени үчүн сындаган билдирүү Азербайжан Европа Кеңешинин министрлер комитетинин төрагалыгына киришүүсүнө тушташ чыкты.

Европанын адам укуктары боюнча башкы уюмунда алты айлык мөөнөткө берилүүчү бул ротациялык кызматты Азербайжан бүгүнтөн тарта алууда.

“Хьюман Райтс Уочтун” пикиринде, расмий Баку Европа кеңешине мүчө болуудагы милдеттенмелерин аткара алган жок.

Билдирүүдө көргөзүлгөндөй, азери бийликтери акыркы эки жылдан бери эле саясий активист, журналист, блогер, адам укугун коргоочулардын отуз сегизине каршы кылмыш ишин ачкан.

Алардын көпчүлүгү абакта жана бийликтин сынчыларына каршы кылмыш иштеринин баарынын саясий жүйөөсү бар. (UE)

XS
SM
MD
LG