Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Түркияда үч күнгө аза күтүү жарыяланды


Түрк өкмөтү үч күндүк аза күтүүнү өлкөнүн батышындагы көмүр шахтадагы жарылуудан 200дөн ашуун кенчи каза тапкандан кийин жарыялады. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, учурда жарылуудан кеминде 232 кенчи мерт болгону ырасталды жана жүздөгөнү али кенден чыга албай кала берүүдө.

Түркиянын энергия министри Танир Йылдыздын айтымында, өткөн түнкү жарылуу учурунда шахтада 787 кенчи иштеп жаткан.

Кырсык болгон Сома көмүр кени Стамбулдан 360 чакырымдай алыс жайгашкан.

Жарылуудан кенчилерди түшүрүп-чыгаруучу эскалатор иштебей калды. Куткаруучулар жер алдында калган кенчилердин өмүрүн сактоо үчүн аларга кычкылтек жеткирүүгө аракеттенүүдө.

Кырсыктан улам премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган Албанияга мерчемделген сапарын токтотту.

Кыргыз пезиденти Алмазбек Атамбаев Түркиянын жетекчилигине көңүл айтып, “Кыргызстан калкы Түркияда болгон трагедияга бир тууган түрк эли менен бирге кайгырып жатканын, жакындарын жоготкондордун аза кайгысын тең бөлүшөрүн” белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG