Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

Украин өкмөтү “улуттук биримдик” сүйлөшүүсүн баштады


Өкмөт уюштуруп баштаган тегерек үстөл талкуусу өлкөдөгү чыңалган кырдаалды жөнгөрүүнү көздөйт.

Талкуунун шаршембидеги биринчи бөлүгү эки жарым саатка созулуп, ага Украинанын мурдагы эки президенти, өкмөт өкүлдөрү, парламент мүчөлөрү, аймактык лидерлер катышты.

Бирок орусиячыл жикчилер менен куралдуу козголоңчулардын өкүлдөрү келген жок.

Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов талкуунун ачылышында өкмөт аймактар менен диалогко даярдыгын, бирок орусиячыл куралдуу козголоңчулардын “шантажына” баш ийбесин, алар мыйзам алдында жооп берерин белгиледи.

Премьер –министр Андрей Яценюк болсо өкмөт улуттук биримдикти сактоо жолунан "эч убакта тайбай турганына" токтолду.

Чыңалган кырдаалды жөнгөрүү үчүн конституцияны өзгөртүү, бийликти борбордон ажыратуу, аймактык жетекчилердин ыйгарым укугун кеңейтүү өңдүү чараларды атады.

Чыгыштагы Донецк облусунун расмий Киев дайындаган губернатору Сергей Тарута өкмөттү демонстранттардын баарына бирдей мамиле кылып жатканын көргөзүү үчүн майданчылардын борбордун Көз карандысыздык аянтындагы лагерин да бузууга чакырды.

Мурдагы премьер-министр, президенттикке талапкер Юлия Тимошенко “улуттук биримдик” талкуусунун кийинки айлампасын Донецкте өткөрүүнү сунуш кылды.

Бүгүн башталган тегерек үстөл жыйындары ЕККУ даярдаган жол картанын негизинде уюшулууда.

Орусия ЕККУнун Украинадагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча планын колдогон, бирок Киевдеги бийликтерди жикчилер менен реалдуу диалогко барбай жатат деп айыптаган.

Орус тышкы иштер министр Сергей Лавров бүгүн “Украина жарандык согуштун босогосунда турат" деп билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG