Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Түркия: кенчилердин өлүмү нааразылык жаратты


Анкара менен Стамбулда миңдеген демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонду. Стамбулдун борборуна чогулган миңдеген демонстрант полиция келгенге чейин өкмөттүн отставкасын талап кылып, кыйкырып жатышкан эле.

Борбор Анкарада да полиция 3-4 миңдей демонстрант менен кагылышты. Демонстранттар Анкара менен Стамбулдун көчөлөрүнө Түркиянын батышындагы көмүр шахтадагы жарылуудан кеминде 245 кенчи каза тапкандан кийин чыгышты.

Ушундай эле нааразылык акциялар бүгүн көмүр кени жайгашкан Сома шаарчасында да болгон. Премьер - министр Режеп Тайип Эрдоган шаарчага барган кезде демонстранттар анын кызматтан кетишин талап кылышып, айрымдары Эрдогандын дарегине “киши өлтүргүч”, “ууру” деген сөздөрдү кыйкырышкан.

Шахтага ээлик кылган компаниянын маалыматына караганда, 450дөй кенчи аман-эсен куткарылды, ал эми шахтадан али чыгалбай жаткан кенчилердин саны 120нын тегерегинде деп айтылууда.

Түркиянын энергия министри Танир Йылдыз мурда билдиргендей, өткөн түнкү жарылуу учурунда шахтада 700дөн ашуун кенчи иштеп жаткан. (UE)

XS
SM
MD
LG