Анкара жана Стамбул шаарында өкмөткө жана көмүр кенинин ээлерине каршы нааразылык акцияларына чыккандарга полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Түркиянын Сома шаарында жайгашкан көмүр кениндеги 13-майдагы жарылуудан кеминде 245 кенчи каза тапты. 450 киши куткарылды. Кырсык болгон жерге түрк өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган келди. Жакындары каза болгон жарандар өкмөт башчыга нааразылыгын билдиргени кабарланды. (AiT)