Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов шаршемби күнү анда сөз сүйлөп, өкмөт жана парламент мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүгө даяр экенин билдирди. Сөз регионалдык бийликти, өз алдынчалыкты жана жергиликтүү өзүн өзү башкарууну күчөтүү жөнүндө болуп жатканын белгилеген Турчинов "колуна курал алып, өз өлкөсүнө каршы чыккандар мыйзам чегинде жазаланат" деди.
Украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк улуттук диалогдун башталышын жоопкерчилик менен байланыштырды:
- Бүгүн улуттук диалогду баштоо абдан маанилүү. Бул өтө маанилүү, анткени Европанын жүрөгүндө жайгашкан 45 млн. калкы бар мамлекеттин тагдырына жоопкерчилик бизге жүктөлүп турат.
Диалогго Украинанын мурунку президенттери Леонид Кучма, Леонид Кравчук, ЕККУнун өкүлү Вольфганг Ишингер катышууда. Ал эми Орусияга жан тарткан жикчилдердин өкүлдөрү катышкан жок. (AiT)