Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

ИИМ Академиясынын мурдагы жетекчиси боюнча өкүм күчүндө калды


Жогорку Сот ИИМ академиясынын мурдагы жетекчи орун басары Рахматилло Амираевге карата биринчи баскычтагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, былтыр октябрь айында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Амираевди “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “пара алуу” беренелери боюнча 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Амираев бул чечимге макул болбой жогорку баскычтагы сотко кайрылган.

Академиянын жетекчиси Алмаз Базарбаев жана анын орун басары Рахматилло Амираев паракорчулукка шектелип, былтыр март айында кармалган болчу. Амираев окуу жайда иштеген бир айымдан кызматтык маселесин оңунан чечип берем деп 100 миң сом алып жатканда кармалган. УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызмат Амираевдин иш бөлмөсүн тинтүү учурунда башка валютадагы ири өлчөмдөгү акча табышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG