Бишкектеги Улуттук китепканада Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган “Тоо булбулу Токтогул” аттуу көргөзмө ачылды. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, көргөзмөгө акындын өмүрүн жана чыгармачылыгын баяндаган китептер, сүрөттөр жана архивдик материалдар коюлду.
Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму быйылкы жылды Токтогул Сатылгановдун жылы деп жарыялаган. Буга байланыштуу өлкө боюнча улуу акындын мааракесине арналган иш-чаралар уюштурулууда. 17-июнда Сатылгановдун атын алып жүргөн Улуттук филармонияда илимий конференция өтмөкчү. (BkA)