Бул тууралуу Улуттук оппозициялык кыймылдын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыймылдын 10-апрелдеги митингинен соң "бийлик оппозициянын бир да талабын аткарбай, диалогго келбей жатат". Мындан улам кыймыл учурда кеңешип, мындан аркы кадамдарды талкуулап жатат. Анын жыйынтыгы менен жакынкы аралыкта коомчулукка пландарын жарыялашы мүмкүн.
Буга чейин Улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде Бишкекте митинг өткөрүп, Кумтөр боюнча өкмөт менен “Центерранын” келишимин бузууну, камакта жаткан депутат Акматбек Келдибековду жана ошондой эле камалган саруулуктарды бошотуу талаптарын койгон.
Бул талаптар жазылган резолюцияны оппозиция бийлик өкүлдөрүнө тапшырмай болгон, бирок андай жолугушуу өткөн эмес. (BkA)