Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

Бажы биримдигине каршы кыймыл "Дордой" боюнча прокуратурага кайрылды


"Бажы биримдигине каршы" кыймыл Баш прокурор Аида Саляновага кайрылып, "өзүн "Дордойдун" профсоюзумун деп жарыялап жүргөн Дамира Дөөлөталиеванын мыйзамсыз билдирүүлөрүнө көңүл бурууга" чакырды.

Аталган кыймылдын пикиринде, Дөөлөталиева "Бажы биримдигине кирсе "Дордойдогу" сатуучулардын соодасы жакшы жүрөрүн айтып, коомчулукту алдап жатат".

6-майда Дөөлөталиева маалымат жыйынын уюштуруп, эгер өкмөт Бажы биримдигине тезирээк кирбесе, анда соодагерлерди митингге чыгарарын айткан. "Бажы биримдигине каршы" кыймылынын маалыматында ал ошондой эле алып-сатуу, продукция өндүрүү менен алектенгендерди салык төлөбөөгө, патент сатып албоого үндөгөн.

Дамира Дөөлөталиева буга чейин журналисттерге маалымат берип жатып Бажы биримдигине каршы чыгып жаткандар "Дордойдогу" чыныгы абалды билбейт деп айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG