Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Кыргызстан - Швейцария достугунун 20 жылдыгы белгиленет

Келерки дүйшөмбү, 19-майда Бишкекте Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын 20 жылдыгына арналган жыйын өтөт. Швейцария элчилигинин маалымат катчысы Турсунай Чодурованын "Азаттыкка" айтымында, иш-чарага эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү, Кыргызстандын парламент мүчөлөрү, жарандык активисттер, эл аралык уюмдардын жооптуу кызматкерлери жана журналисттер катышат.

1994-жылдан бери Швейцария Кыргызстанга 18 миллиард сомдук техникалык, каржы жана гуманитардык жардамын берди. Ал негизинен саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкарууну жакшыртуу, жеке секторду өнүктүрүүгө жумшалган. (RK)
XS
SM
MD
LG