Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Бишкекте ичкилик сатууну чектөө сунушталды


Мындай сунушту Бишкек шаардык милициясы калаа мэри Кубанычбек Кулматовга жөнөттү. Шаардык милициянын маалымат катчысы Бакыт Сейитов “Азаттыкка” билдиргендей, өлкөдө кылмыштардын 40 пайыздан ашыгы борбордо катталат. Алардын көбү түнкүсүн мастар тарабынан жасаларын жана мындай көрүнүш көбөйүп баратканын атайын мониторинг көрсөттү. Ошондуктан шаардык милиция кечки саат 10дон эртең мененки саат 8ге чейин борбор калаада арак-шарап сатууга тыюу салууну сунуштады.

Азырынча бул боюнча Бишкек шаардык мэриясы өз позициясын билдире элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG