Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Кен казуу тармагында алдамчы ортомчулар көбөйдү


Кыргызстанда кен казууга лицензия алам дегендерди алдаган ортомчулар пайда болду. Бул тууралуу бүгүн Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Анын айтымында, кен казууга укук алууну каалагандар аталган мекемеге байланыштуу "бардык ишти акча менен бүтүрүп берем" деп убада кылгандардан жабыркаган учурлар көп каттала баштады.

Зилалиев агенттикке кайрылуу үчүн эч кандай каражат талап кылынбасын, 90-98-70 номурлуу ишеним телефону бар экенин эскертти.

Кыргызстандын экономикасында тоо-кен тармагы негизги орунду ээлейт. Бирок дал ушул тармакта, көз каранды эмес эксперттердин пикиринде, коррупция көп. (RK)

XS
SM
MD
LG