Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Акун Батукаевди бошоткондорду жазалоону талап кылды


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун өлкө бийлигин кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү саналган Азиз Батукаевдин түрмөдөн эртелей бошотулушуна тиешеси бар жетекчилерди жоопко тартууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Өткөн аптада Нарын шаардык соту Батукаевдин абактан эртелей бошотулушун мыйзамсыз деп таап, мурунку чечимин жокко чыгарган. Акун бийлик тезинен Батукаевге жалган диагноз койгондорду, анын бошотулушуна катышкан бардык жетекчилерди жоопко тартуусу керектигин айтууда.

Батукаев былтыр апрелде Нарындагы түрмөдөн айыккыс ооруга чалдыкты деген себеп менен эртелей бошотулган. Бирок кийинчерээк ага коюлган диагноз туура эмес экенин депутаттык комиссия ачыкка чыгарган. Нарын шаардык соту быйыл 8-майда Азиз Батукаев боюнча баштапкы чечимин жокко чыгарды. Турсунбек Акун Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар деген жүйө менен акыйкатчы кызматынан бошотулган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG