Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:48

Орусия: Ооган маңзатынан 13 жылда 500 миң киши өлдү


Орус өкмөтүнүн өкүлү 2001-жылдан бери ооган маңзаты Орусияда жарым миллион кишинин өмүрүн алганын айтты. Федералдык маңзат көзөмөл кызматынын директору Виктор Иванов бүгүн Москвадагы эл аралык жыйында «АКШ Ооганстанга басып кирген 2001-жылдан бери бүт Евразия боюнча бул көрсөткүч бир миллионду түздү» деди.

Иванов берген маалыматка ылайык, Ооганстандан жылына 100 миллиард долларлык маңзат ташылып чыгат. Ооган апийими Орусияга көбүнчө Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу келет. Иванов буга чейин НАТО менен АКШны «Ооганстандагы маңзат аткезчилиги менен шымалана күрөшпөйт» деп сынга алган.

XS
SM
MD
LG