Орусиядан Казакстан аркылуу ташылып келаткан 448 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Куловдун “Азаттыкка” бүгүн билдиргенине караганда Казакстандын бажысы вагондордогу 26 миң тоннага жакын күйүүчү майга документи толук эмес деген жүйөө менен кармоодо.
Буга чейин мунайчылар бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылган. Өкмөттүн маалымат кызматы Жоомарт Оторбаев 3-майдагы Астанага сапарында Казакстандын премьер-министри Карим Масимовго бул тууралуу кабарлап, өз кезегинде Масимов маселе тез арада чечилерин убада кылганын билдирген. Бирок Улан Кулов өкмөт башчынын сапарынан соң да маселе чечилбей жатканын айтууда.
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматы боюнча Казакстанда кармалып турган май үч тараптуу келишим түзгөн ортомчу компанияларга таандык. Ал эми Кыргызстан - Орусия ортосунда эки тараптуу келишимдин негизиндеги жүк ташуулар үзгүлтүксүз жүрүп жатат. (BkA)