Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Алматы экс-мэр менен Лос-Анжелесте соттошот


Казакстандын эң ири шаары болгон Алматынын бийлиги мурдагы шаар башчысын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн «коомдук каражатты уурдап, Калифорнияда ак сарайларды, Нью-Йоркто 67 миллион долларга беш жылдыздуу мейманкана сатып алган» деп сотко берди. Бандитизм боюнча арыз 13-майда Лос-Анжелес сотуна тапшырылды. Анда мурдагы аким Виктор Храпуновдун, аялы, балдары жана башка урук-туугандарынын ысымдары аталган.

Алматы бийликтеринин ырастоосунда, Храпунов мамлекеттик менчикти туугандарынын фирмаларына сатып, 300 миллион долларга туйтунган. Арызда бул акча Лос-Анжелесте саркеч машина, ак сарайдай кымбат үйлөрдү алууга сарпталган деп ырасталат.

Убагында казак өкмөтүндө министр да болгон Храпуновго Казакстан издөө жарыялаган. Ал азыр Швейцарияда жашайт.

XS
SM
MD
LG