Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Жүзгө жакын көлдүк студент жана окутуучу чет жакта тажрыйба алмашат


Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жүзгө жакын студент жана окутуучусу быйыл тажрыйба алмашуу үчүн чет өлкөлөргө барып келет. Бул тууралуу “Азаттыка” К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун эл аралык мамилелер жана илим бөлүмүнүн жетекчиси Элвира Сагынтай кызы билдирди.

Анын айтымында, чет жакка барып келүүнү каалагандар саны жыл сыйын өсүүдө. Негизинен Түркия, Индия жана КМШ өлкөлөрүнө барышат. 2011-жылы 27, 2012-жылы 47 жана былтыр 56 окутуучу менен студент чет жакка барган.

Учурда Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 6000ге чукул улан-кыз окуйт. (MK)

XS
SM
MD
LG