Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Баткенде айланма жол курууну улантуу тапшырмасы берилди


Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Унаа жана байланыш министрлигине Баткенде Тажикстандын Ворух айылын айланып өтүүчү жолду куруу иштерин кайра улантууну буйруду. Бүгүн өкмөттө өткөн жыйында Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш унаа жолу курулуп жатканда чек арана кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өтүүсү керектиги да айтылып, Чек ара кызматына тиешелүү тапшырма берилди.

Быйыл 11-январда Баткендин Ак-Сай айылында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, жогоруда аталган жолдун курулушу токтоп калган болчу. 7-майда да чек ара чатагы чыгып, эки тараптан тең адамдар жабыркаган. Кыргыз тараптагы жергиликтүү тургундарга келтирилген материалдык чыгым 7 миллион сом деп эсептелген. (RK)

XS
SM
MD
LG