Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Биометриялык маалымат топтоо штабы жыйын курат


Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, 16-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев башында турган биометриялык маалыматтарды топтоо боюнча республикалык штаб биринчи жыйынын курат. Анда 31-августтан тарта маалымат топтоо жана калктын бирдиктүү мамлекеттик тизмесин түзүү иштерин баштоо маселеси талкууланат. Бул ишке мамлекет тарабынан 250 млн. сом бөлүндү. Бул каражатка тийиштүү жабдуу сатылып алынып, окутуу жүргүзүлөт.

Биометриялык маалыматты топтоо 2015-жылы парламенттик шайлоодо "бир жаран - бир добуш" системасын камсыздоо үчүн маанилүү экени белгиленген.

XS
SM
MD
LG