Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:07

Ооган героини Орусиянын 500 миң жаранынын өмүрүн алды


Орусиянын Маңзат көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын башчысы Виктор Ивановдун маалыматы боюнча, 13 жылдан бери героинден Орусиянын 500 миң жараны өлүм тапты. Бул тууралуу ал 15-майда Москвада өткөн маңзатка каршы күрөшүү боюнча эл аралык жыйында билдирди. Ал ошондой эле 2001-жылы Ооганстанга АКШ баш болгон күчтөр киргенден бери ооган героини Евразия аймагында 1 млн. кишинин өмүрүнө забын болгонун белгиледи.

Виктор Иванов НАТО жана АКШ Ооганстанда баңги заттарынын мыйзамсыз соодаланышына жетиштүү көзөмөл жүргүзбөйт деп сынга алды. Иванов Ооганстандан жыл сайын 100 млрд. долларга баңгизат сатыларын кошумчалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG