Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Атамбаев Баатыр энелерге сыйлык тапшырды


Бүгүн Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 18-май Энелер күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарынан келген 18 энеге “Баатыр эне” орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Өз куттуктоосунда өлкө башчысы Кыргызстандагы бардык энелерди куттуктап, адам жашоосундагы эненин маанисин белгиледи.

Буга чейин президент жети жана андан көп бала төрөп тарбиялаган 3434 энени “Баатыр эне” ордени, ал эми алты бала төрөп тарбиялаган 638 энени “Эне Даңкы” медалы менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

2012-жылдан тарта президенттин жарлыгы менен өлкөдө Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG