Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Жумгалда ачкачылык акциясы токтотулду


Нарындын Жумгал райондук сотунда соттолуучуларга өрт койгондугу үчүн камалгандардын жакындары ачкачылыгын токтотту. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдиргендей, 10-майдан бери райондук драма театрынын жанына тиккен боз үйлөрүн чечип, бүгүн тарашты. Алар райондук бийлик өкүлдөрү көңүл бурбай койгонуна нааразы болуп, 19-майдан тарта Бишкекте акция уюштурарын билдирүүдө.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектелген жергиликтүү үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. 21-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркаган айыпталуучулардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда качып кеткен үчүнчү милиционер ушул күнгө чейин табыла элек.

Нарын облустук соту милиционерлерге өрт койгон ондон ашуун кишини камакка алган.(BkA/TSh)

XS
SM
MD
LG