Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Оторбаев Түркияга иш сапар менен барды


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Түркияга иш сапар менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Бүгүн Оторбаев түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Жолугушууда кыргыз өкмөт башчысы Сома шаарындагы көмүр шахтасындагы 280ден ашык адамдын өмүрүн алган кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.

Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, аскерий-техникалык жана маданий алакаларды өнүктүрүү маселесин талкуулады. Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийинки Түркия менен соодасынын тагдыры тууралуу да сөз болду.

Оторбаевдин Түркияга сапары бүгүн кечинде жыйынтыкталмакчы. (BkA)

XS
SM
MD
LG