Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

Иран: Ядролук сүйлөшүү кыйынчылык менен жүрүүдө


Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү алга жылууда, бирок кыйынчылыктар бар. Бул жөнүндө Ирандын өкүлү билдирди. Венада өтүп жаткан P5+1 форматындагы сүйлөшүүгө АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франция жана Иран катышууда.

Ядролук беш держава Тегеран ядролук ишмердүүлүгүн чектөөгө көнсө, Иранга каршы экономикалык санкцияны алып салууну каалайт. АКШ жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнүн айтымында, ортодогу келишпестиктер жөндөлсө, корутунду келишимдин долбоору 16-майда макулдашылып бүтүшү мүмкүн.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райстын 12-майда билдиришинче, Иран ядролук ишканаларын текшерткенге ынанбаса, финалдык келишим жөнүндө сөз болбошу керек.

Тегеран санкция убактылуу жеңилдетилгенге байланыштуу уранды байытуу иштерин жарым жылга токтоткон. Бул келишимдин мөөнөтү 20-июлда аяктайт.

XS
SM
MD
LG