Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Биометриялык маалыматты топтоо сентябрда башталат


Бул тууралуу “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Анын айтымында, учурда бардык жергиликтүү бийлик органдарына тапшырма берилди. Бул үчүн бюджеттен 250 миллион сом каралууда. 2015-жылдын 1-июлуна чейин өлкөдө шайлоочулар тууралуу биометриялык маалымат топтолуп бүтүшү керек.

Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында биометриялык маалыматтарды топтоону 31-августтан тарта баштоо тапшырылган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Тайырбек Сарпашевге бул иш аткарылбаса кызматтан алынарын эскерткен.

Биометриялык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоодо "бир жаран - бир добуш" системасын камсыздоого багытталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG