Казакстандын “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турган 448 вагон күйүүчү май маселеси боюнча экономика министри Темир Сариев казак тарап менен сүйлөшүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Темир Сариев бүгүн Астанага барып, тиешелүү жетекчилер жолугушуу өткөрүп жатат.
Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 448 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Казакстандын бажысы аны вагондордогу 26 миң тоннага жакын күйүүчү майга документ толук эмес деген жүйөө менен кармоодо. (BkA)