Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Атамбаев: Энелерди саясый максатта колдонгондор бар


Айрым саясатчылар Баатыр энелерди митингдерге колдонуп жатат. Бул тууралуу бүгүн көп бала төрөп, тарбиялап өстүргөн энелерге мамлекеттик сыйлык тапшыруу салтанатында президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Ал былтыр нааразылык акцияларында Баатыр энелер "жол тороду, акимчиликти басып алды" деген кабарды угуп уялганын айтты:

- Эне менен чатак төп келишпеген нерсе. Ачык айтайын, апаларды тирүү кезинде баалабай жатабыз.

Былтыр оппозиция лидерлеринин бири Камчыбек Ташиевдин абактан бошотулушун талап кылып Баатыр энелер тобу Жалал-Абадда губернатордун кабинетин ээлеп алган.

Жети жана андан көп бала төрөп тарбиялаган 3434 эне быйыл “Баатыр эне” ордени, ал эми алты бала төрөп тарбиялаган 638 эне “Эне Даңкы” медалы менен сыйланды. Алардын 18ине орден, медалдарды бүгүн президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өзү тапшырды. (RK)

XS
SM
MD
LG