Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Обама 11-сентябрь апаатын эскерген музейди ачты


АКШ президенти Барак Обама 2001-жылдын 11-сентябрындагы апааттын курмандыктарына арналган Нью-Йорктогу эскерүү музейинин ачылышында сүйлөп, "бир да теракт Кошмо Штаттардын рухун жана бекемдигин буза албайт" деди. Эскерүү иш-чарасы 15-майда Манхэттендеги мурдагы Дүйнөлүк соода борборунун ордуна курулган музейде болду.

Обаманын сөзүнө караганда, музей “жанды дарылоонун жана үмүттүн ыйык жайы” катары 11-сентябрдагы террордук чабуулдун тарыхын урпактарга унуттурбай айтып турат. Террорчу “ал-каидачылар” барымтага алган учактар Дүйнөлүк соода үйү жайгашкан "эгиз мунараны" сүзгөндө 3 миңдей адам өлгөн.

АКШ президенти өз сөзүндө алаамат кезде адам өмүрүн сактоогө көмөктөшкөн адамдардын каармандыгына да токтолду.
Эскерүүгө террордук чабуулда өлгөндөрдүн туугандары жана анда аман калгандар, өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучулар катышты.

Музей коомчулук үчүн 21-майда ачылат.

XS
SM
MD
LG