Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Пекин: Түштүк Кытай деңизинде бургулоо иштери токтотулбайт


Обама администрациясынын Чыгыш жана Түштүк Кытай деңиздерине көңүл буруусун кээ бир коңшу өлкөлөр тынч проблемаларды куткулоо үчүн пайдаланууда. Бул тууралуу Кытай элдик-боштондук армиясынын штабынын акими Фан Фэнхуэй 15-майда Пентагондогу визитинен соң кабарчыларга айтты.

Бээжин аталган эки деңиздеги талаштуу аралдарга ээ чыгып, коңшулары менен араздашууда. Генерал Фан Фэнхуэй Вашингтонду Вьетнам - Кытай арасындагы талашта калыс болууга үндөдү жана Вьетнамдагы нааразылыктарга карабай, Түштүк Кытай деңизинин Вьетнам тараптагы жээгинде бургулоо иштери токтотулбасын эскертти.

Ушу аптада антикытайлык протест кезде жаалданган топтор Түштүк Вьетнамдагы Тайванга караштуу металлургиялык заводдо иштеген кытайлык жумушчуларга кол салып, бир Кытай жараны өлгөн. 100дөн ашуун адам жапа чеккен.

XS
SM
MD
LG