Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Индиядагы шайлоодо улутчул БЖП жеңди


Индиядагы парламенттик шайлоодо "Бхаратия Жаната" партиясы (БЖП) жеңди. Алдын ала эсептөөлөргө караганда, оппозициядагы индус улутчулдар партиясы өкмөттү жеке өзү түзгөнгө жетерлик 272 мандатка ээ болгонун Индиянын шайлоо комиссиясы билдирди. Башкаруучу "Улуттук конгресс" партиясы шайлоодо жеңилгенин моюнуна алды.

"Бхаратия Жаната" эми “Индияда жаңы доор башталат” деп жар салды. Эгер алдын ала эсептөөлөр тастыкталса, Индияны 1984-жылдан бери биринчи жолу жалгыз партия башкарып калат. "Улуттук конгресс" партиясы, ортодогу 13 жылды эсептебегенде, Индияны өлкө эгемендикке жетишкен 1950-жылдан бери үзбөй башкарды.

Шайлоо дүйнөнүн калкы эң көп өлкөсүндө алты жума ичинде өттү. БЖПнын улутчул лидери Нарендра Муди "Твиттерде": “Индия жеңди. Жакшы заман келет” деп жазды.

XS
SM
MD
LG